2. Институционалдык аккредитация

1.1 Билим берүү уюмунун ишин жөнгө салуучу бекитилген ички актылардын болушу
1.2 Билим берүү уюмунун бекитилген миссиясынын, кызыктар тараптардын керектөөлөрүн жана өзүн-өзү баалоонун ар жылдык жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы пландардын болушу
1.3 Билим берүү сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу жана жооптуу адамдардын/ түзүмдөрдүн болушу
1.4 Персоналдын жана окуучулардын жүрүм-турумунун бекитилген этикалык ченемдердин болушу, аларды сактоо (билим берүүнүн жана инсандын, маданий көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын колдоочу уюштуруучулук маданияттын калыптангандыгы).
1.5 Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү механизмдеринин жана жол-жоболорунун болушу.
1.6 Кызыкдар тараптарды тартуу менен чечимдерди кабыл алуунун жана тиешелүү оңдоолорду киргизүүнүн колдонуудагы механизмдердин болушу
1.7 Билим берүүнү башкаруунун колдонуудагы маалыматтар системасынын, веб-сайттын, электрондук почтанын болушу
2.1 Педагогикалык, административдик, окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналды жумушка алуунун (жумуштан бошотуунун) объективдүү критерийлерин жана шарттарын камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу
2.2 Штаттардын комплекттелишинин, педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү
2.3 Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу
2.4 Педагогикалык, административдик, кенже тейлөөчү жана окутуучу-көмөкчү персоналдын ишин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу
3.1 Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын, жайларынын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал, медициналдык пункт, ашкана), ошондой эле жашоо үчүн тиешелүү шарттары бар жатаканалардын (эгерде болсо)болушу
3.2 Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык,санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер,өрткө каршы коопсуздук,эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери).
3.3 Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу
4.1 Финансылык пландоо системасынын болушу.
4.2 Кошумча финансы ресурстарын тартуу,бөлүштүрүү жана отчеттуулук боюнча ачык-айкын механизмдердин болушу.
4.3 Финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу.