Биз жөнүндө

  • Мектептин тарыхы

Мектеп Өзгөн районуна караштуу Ак-Жар айыл округунун Семиз-Көл айылында жайгашкан. 1932-жылы башталгыч класс болуп түптөлгөн. 1968-жылы 8 жылдык мектеп болуп Б. Конкошев жетектеп турган. Ал эми 1987-жылы 9-комнаталуу орто мектеп имараты даяр болуп, 5 кабинетте техникалык каражаттар пайда болгон. Бул мектепти ошол мезгилде мектеп жетекчиси болуп турган Насирдин Кайназаров салдырып орто мектеп деңгээлине көтөрүлгөн. Мектеп да ошол агайдын атынан Насирдин Кайназаров атындагы №16 орто мектеби атын алган. Н. Кайназаров ардактуу эс алууга кеткенден кийин мектепти Д. Сыргатаев жетектеп билим берүү сапатын жогорулатууга басым жасаган. Андан кийин мектепти Мойдун Кадырбеков жетектеп АБРге долбоор жазып, анын негизинде 2006-жылы эски мектеп имаратынын ордуна 216 орундуу типтүү мектеп салдырып, колдонууга берүүгө жетишкен. Мектептин жаңы имараты 9 класс комплекттен, 1 компьютер класс, усулкана жана директор канасынан турат.

2013-жылы мамлекет тарабынан заманбап спорт зал курулуп, керектүү спорт эмеректери менен кошо колдонууга берилген.

2011-жылы АРИС программасы аркылуу мектептин материалдык техникалык базасын жакшыртуу максатында 11 компьютер 1 принтер менен камсыз болгон. Интернет байланыш кыргыз телеком аркылуу мектепке туташтырылган.

Мектептин уставы юстициядан 2012-жылдын 30-январында каттоодон өткөн. Каттоо номери 120663-3306-м-е.

 

Эмблема

Биз жөнүндө

 

Мектептин миссиясы

Окуучуларга үзгүлтүксүз билим берүү аркылуу билим берүү стандартынын талаптарына жооп берген, коомдун өнүгүүсүнө шайкеш келген инсанды калыптандыруу

Билим берүү уюмунун  жайгашкан жери жана юридикалык аталышы:

Өзгөн району, Ак-Жар айыл өкмөтү, Семиз-Көл айылы. Н. Кайназаров атындагы №16 орто мектеби. Тел: 0223 533127, e-mail: [email protected]   ,  веб-сайты : https://kainazarov.mektebim.kg/