Новости

Мектепте 2024-жылдын 1-апрелинде «Кош бол АЛИППЕ» аттуу салтанаттуу кече уюштурулуп, ал кече мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер катышуусунда өткөрүлдү. Кечени 1-класстын класс жетекчиси Джаныбек кызы Нурайим уюштуруп өткөрдү.  
21.04.2024 4
Н. Кайназаров мектебинде 2023-жылдын 12-декабрында улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата маданий иш-чара болуп өттү. Иш-чараны мугалимдер жамааты жана окуучулар биргеликте уюштуруп, жазуунун үй бүлөсүнүн басып өткөн жолу, чыгармаларындагы каармандарынын образдарын чагылдыруу болду. Кече ырларду окуу, Манас эпосунан үзүндү айтуу, ырлар жана бийлер менен коштолду.
22.12.2023 31
Мектептин биология мугалими Байзакова Гүлай санариптик технологияларды колдонуу аркылуу Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Брейн ринг» акыл  таймашын 8-9-10-11-класстардын окуучулары арасында уюштурду. Таймашта «Кахут» тесттик платформа колдонулуп окуучулар уюлдук телефон аркылуу Ч. Айтматов жана анын чыгармалары боюнча суроолорго жооп беришти. Мелдеш кызыктуу болуп, ыкчам иштеген 3 окуучу жеңүүчү аталды.  
05.12.2023 71
Н. Кайназаров мектебинде 2023-жылдын 5-декабрь күнү залкар жазуучубуз Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата башталгыч класстар класс жетекчилери менен биргеликте иш-чара уюштуруп өткөзүп беришти. Иш-чарада жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр көрсөтүлдү, ырлар окулду жана улуттук бийлер менен коштолду.
05.12.2023 56
Н. Кайназаров мектебинде 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата окуучулардын чыгармачылыгы менен майрамдык кече болуп өттү.
01.10.2023 42
Н. Кайназаров орто мектебинде 2023-жылдын 1-сентябрь күнү Билим күнүнө карата 2023-2024-окуу жылынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Салтанаттуу азем жалпы окуучулар, агай-эжекелер, ата-энелер жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Мектеп жетекчилиги быйылкы окуу жылында окуучулардын билим сапатын көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурула тургандыгын жана ошондой PISA эл аралык окуучулардын билимин баалоо программасына активдүү даярдык көрүлө […]
01.09.2023 279
АРИС долбоорунун алкагында ишке ашып жаткан CASA 1000 долбоору аркылуу жергиликтүү коомчулуктардын артыкчылыктарын тандоо иш-аркетинин үстүндө Семиз-Көл айылынан тургундары мугалимдер менен биргеликте «Н. Кайназаров мектебине жабдуу сатып алуу» көйгөйүн фокус группаларда, онлайн добуш берүүдө жана делегаттар конференциясында бир добуштан колдоого алышып, утуп чыгышты. Өз кезегинде мектеп жетекчилиги жалпы коомчулуктун колдоосуна терең ыраазычылык билдирип, балдардын билим […]
16.07.2023 53
2022-2023-окуу жылында Н. Кайназаров орто мектебин 9-классын 22 окуучу аяктап алардын арасынан бир окуучу артыкчылык күбөлүгү менен аяктады. Кубаталиева Жаннат артыкчылык күбөлүк ээси болду. Ал эми 11-классты 14 окуучу ийгиликтүү аяктап, 23-июнь күнү аттестаттарды колдоруна алышты.  Бул жылкы бүтүрүүчүлөрдөн ЖРТ жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган Замирбек кызы Бермет болуп, ал негизги тесттен 179 балл, […]
16.07.2023 49
Н. Кайназаров мектеби 2023-2024-окуу жылында окуучуларды жаңы окуу жылына кабыл алуу үчүн учурдагы бардык оңдоп-түзөө иштерин толугу менен аяктап, даяр болду. Оңдоп-түзөө иштери класс кабинеттеринин атын алып жүргөн демөөрчүлөрдүн үй бүлөлөрү, айыл өкмөту, республикалык бюджет тарабынан каржыланды. Мектеп жетекчилиги оңдоп-түзөө иштерине каржылык жактан көмөк көрсөткөн жактарга, ремонт иштерин аткарган мугалимдерге жана техперсоналдарга терең ыраазычылык билдирет. […]
14.07.2023 123
  Н. Кайназаров орто мектебинде бүтүрүүчүлөр үчүн арналган «Акыркы коңгуроо» салтанаты 2023-жылдын 25-майында өткөрүлдү. Салтанатка жалпы окуучулар, мугалимдер, ата-энелер, райадминистрациядан, айыл өкмөттөн өкүлдөр катышып, салтанат жогорку деңгээлде өттү.
14.07.2023 61
Н. Кайназаров мектебинде 2023-жылдын 25-майында 2003-жылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 1985-жылкы туулган уул-кыздарыбыздын 20 жылдык жолугушуусу салтанаттуу түрдө болуп өттү. 20 жылдык жолугушуу өткөргөн мектеп бүтүрүүчүлөрү жөн гана жолугушуп кетпестен, мектептин усулканасы үчүн мугалимдерге эмерек жана алып беришти жана усулкананын ички жасалгасын толугу менен жаңылап берип, мектеп үчүн өз салымдарын кошуп кетишти.
01.07.2023 148
Н. Кайназаров мектебинде 2023-жылдын 14-апрелинде «Кош бол алиппем» аттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага ата-энелер да катышып, балдардын өнөрлөрүнө күбө болушту.
26.04.2023 52
1 / 212