Мектепте 2024-жылдын 1-апрелинде "Кош бол АЛИППЕ" аттуу салтанаттуу кече уюштурулуп, ал кече мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер катышуусунда өткөрүлдү. Кечени 1-класстын класс жетекчиси Джаныбек кызы Нурайим уюштуруп өткөрдү.
Н. Кайназаров мектебинде 2023-жылдын 12-декабрында улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата маданий иш-чара болуп өттү. Иш-чараны мугалимдер жамааты жана окуучулар биргеликте уюштуруп, жазуунун үй бүлөсүнүн басып өткөн жолу, чыгармаларындагы каармандарынын образдарын чагылдыруу болду. Кече ырларду окуу, Манас эпосунан үзүндү айтуу, ырлар жана бийлер менен коштолду.
Мектептин биология мугалими Байзакова Гүлай санариптик технологияларды колдонуу аркылуу Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата "Брейн ринг" акыл таймашын 8-9-10-11-класстардын окуучулары арасында уюштурду. Таймашта "Кахут" тесттик платформа колдонулуп окуучулар уюлдук телефон аркылуу Ч. Айтматов жана анын чыгармалары боюнча суроолорго жооп беришти. Мелдеш кызыктуу болуп, ыкчам иштеген 3 окуучу жеңүүчү аталды.