Акыркы коңгуроо салтанаттуу иш-чарасы
Н. Кайназаров мектебинде 2024-жылдын 25-майында «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу иш-чарасы мыкты уюшкандыкта өткөрүлдү. Салтанаттуу иш-чара Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү Дүйшембиева Мейликан, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Равшанбек Раимбекович, ата-энелер жана коомчулуктун катышуусунда болуп өттү. Иш-чара аймактык милиция кызматкерлеринин катышуусунда тынч, эч кандай тартип бузуу жок өткөрүлдү. Ошондой эле бул салтанатка мектептин 2004-жылкы бүтүрүүчүлөрү 20 жылдык жолугушуусуна келип жолугушуп кетишти.
Бул жылы Н. Кайназаров мектебинин 9-классын 21 окуучу, 11-классын 14 окуучу бүтүрөт.
Комментарии