1-сентябрь Билим күнү. 2023-2024-окуу жылынын салтанаттуу ачылыш аземи.
Н. Кайназаров орто мектебинде 2023-жылдын 1-сентябрь күнү Билим күнүнө карата 2023-2024-окуу жылынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Салтанаттуу азем жалпы окуучулар, агай-эжекелер, ата-энелер жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Мектеп жетекчилиги быйылкы окуу жылында окуучулардын билим сапатын көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурула тургандыгын жана ошондой PISA эл аралык окуучулардын билимин баалоо программасына активдүү даярдык көрүлө тургандыгын баса белгилеп өттү.
Комментарии